Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биринин үстүнө экинчисин кабат келтирүү, каттоо, кабат-кабат кылып беттештирүү, бириктирүү. Керез бешилик менен чөптү кабаттай сайып, тез-тез ыргытат (Бейшеналиев). Анархан колуна эки жоолукту кабаттап кармап турду (Жантөшев). Жутаке эки кесим чучукту кабаттай сугунду (Жантөшев).